USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Белгилүү инсандар Хашим Зайналиевди колдоп чыгышты

10:16, 21 января 2019, Бишкек - 24.kg

Белгилүү инсандар элдик даарыгер Хашим Зайналиевди колдоп, аны бошотуу сунушу менен президентке, ИИМге, Саламаттык сактоо министрине кайрылышты.

Алар Хашим Зайналиев жүздөгөн ооруларды эч кандай медикаментсиз, оор операцияларсыз айыктырганын, алдардын арасында өздөрү да бар экенин айтышат. Кайрылууда Хакшим Зайналиевдин уникалдуу даарыгер катары камактан чыгаруу зарылдыгы белгиленет.

«Сизге Конституциянын гаранты катары кайрылып жатабыз. Кыргызстандын эли, айрыкча, ооруканалардан чыгарып койгон оор бейтаптар кандай жол менен дарылануу, кимден дарыланууга конституциялык укугу бар. Алардын акыркы үмүтү болгон табыптардан дарылануу укугунанан ажыратпаңыз. Миңдеген адамдардын үмүтү болгон Хашим Зайналиевдин иши адилет тергелип, камактан бошотулуп чыгуусуна көңүл бурасыз деп үмүттөнөбүз», — деп айтылат кайрылууда.

Кайрылууга Кыяс Молдокасымов, Бейшенбек Бекешов, Болотбек Каримов, Шайыр Эркин уулу жана бир катар жазуучулар, биология илимдеринин кандидаттары кол коюшкан.

Белгилей кетсек, Хашим Зайналиев мыйзамсыз түрдө элдерди дарылап келген. Ал Саламаттык сактоо министрлининен дарылоого лизенция алган эмес. Анын ооруканасында бир нече өлүмгө алып келген учурлар катталган. Хашим Зайналиев декабрь айында камоого алынган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика