11:45
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Табып Хашим Зайналиевди № 1 тергөө абагына киргизишти

Табып Хашим Зайналиевди № 1 тергөө абагына киргизишти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ШИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, мыйндай чечимди Октябрь райондук соту кабыл алды. Ал 2 айга камакка алынды.

Эске салсак, нояюрда онкология жана гематология улуттук борборунун балдар онологиялык бөлүмүнө оор абалдагы кыз келип түшкөн. Анын ата-энеси табыпка кайрылып дарылаткандан кийин кыздын абалы оорлошуп кеткени аныкталган.

Белгилей кетсек, табыпка карата арыздар 2016-жылдан бери келип түшүүдө. Ал жарандарды тиешелүү шарты болбогон жеке үйдө кабыл алып келген. Анын бир кардары каза болуп калганы да кабарланган.

Эң көп окулган жаңылыктар
24-апрель, шаршемби
23-апрель, шейшемби