18:25
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Бишкекте табып Хашим Зайналиевди кармашты

Бишкекте табып Хашим Зайналиевди кармашты. Бул тууралуу Бишкек ШИИББдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, табыпка карата «Алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Ал убактылуу кармоочу жайга алынып келинди. 

Эске салсак, нояюрда онкология жана гематология улуттук борборунун балдар онологиялык бөлүмүнө оор абалдагы кыз келип түшкөн. Анын ата-энеси табыпка кайрылып дарылаткандан кийин кыздын абалы оорлошуп кеткени аныкталган.

Белгилей кетсек, табыпка карата арыздар 2016-жылдан бери келип түшүүдө. Ал жарандарды тиешелүү шарты болбогон жеке үйдө кабыл алып келген. Анын бир кардары каза болуп калганы да кабарланган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума