15:46
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Милиция эмчи-домчу Хашим Зайналиевдин ишмердүүлүгүн экинчи жолу текшерет

Бишкек ШИИББнын кызматкерлери эмчи-домчу Хашим Зайналиевдин ишмердүүлүгүн экинчи жолу текшерет. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ведомстводон билдиришти.

Маалыматка караганда, баардык материалдар чогултулуп, экспертиза дайындалды. Бирок, жабырлануучу кыздын ата-энеси милицияга арыз жазышкан жок.

Кечээ бакшы кайрадан элди дарылоону колго алганы маалым болду. Ал дарылаган рак оорусу менен жабыркаган бейтап оор абалда Улуттук онкологиялык борборуна келип түшкөн.

Былтыр Хашим Зайналиевге карата кылмыш иши крзголгон, бирок кылмыштын курамында жок болгондугу үчүн ишти жаап коюшкан.

Эң көп окулган жаңылыктар