03:15
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Табып Хашым Зайналиев «Апрель» телеканалынын кабарчыларына кол көтөрдү

Табып Хашым Зайналиев «Апрель» телеканалынын кабарчыларына кол көтөрдү. Журналисттер анын клиникасынын ишмерлүүлүгүн текшерүү үчүн барган. Бул тууралуу «Апрель» сайты жазды. 

«Биз анын клиникасына барганда сыртта үйүлгөн унааларды көрдүк. Элдер кирип, чыгып жатышыптыр. Алардын бирөөсүнөн сурасак, «бейтапмын», — деди. Демек, элди көрүүсүн дагы деле улантып жатыптыр. Ичине кирсек, ак халаттар илинип туруптур. Ошол кезде Хашым Зайналиев коридордун аркы башынан келе жаткан экен. Биз саламдашканда эле, ал бизге жулунуп, орой сөздөрдү айтып, имараттын ичинен күчкө салып түртүп чыгарды. Аз жерден тепкичтен кулап кеткени калдык. Операторубуздун камерасынын базасы жабыркады. Менин болсо, колум ооруксунуп калды», — деп билдирет кабарчы Юлия Кулешова.

Кабарчылар окуядан кийин тартип сакчыларын чакырышкан.
 
«Биз арыз жазып бердик. Табыптын кылганын журналисттик ишмердүүлүккө тоскоолдук жаратуу, бейбаштык катары сыпаттаса болот. Эми териштирүү жүргүзүлөт», — дешти кабарчылар.
Эске салсак, былтыр 28-ноябрда Онкология борборунун балдар бөлүмүнө оор акыбалда беш жаштагы кыз түшкөн. Ак кан илдетине чалдыккан секелекти Ашым Зайналиев дарылаганы айтылган. Зайналиев буга чейин да бир нече адамды дарылап, алардын арасында жарык дүйнө менен кош айтышкандар болгон.
Эң көп окулган жаңылыктар