19:58
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Украинада террорго шектелгендерден кыргыз паспорттору чыкты

Украинада террордук чабуул уюштуруу үчүн шектүү катары кармалгандардын экөөнөн Кыргызстандын паспорттору табылды. Суракта алардын бири паспортторду Москвадан алышканын, Ингушетияда жогорку мамлекеттик кызматта иштегенин айтууда.

Украина коопсуздук кызматы өлкө аймагында террордук чабуул уюштурмакчы болгон жети кишини кармаганын 17-апрелде билдирди. Коопсуздук кызматынын башчысы Василий Грицак жетөөнүн бири 1978-жылкы Орусиянын жараны Комаричев Алексей экенин тактады.

Кармалгандардын дагы бири 1988-жылы туулган Орусиянын жараны Тимур Мовлаевич Дзортов.

Генерал Грицак мына ушул экөөнүн жанынан башка аты-жөндөр жазылган Кыргызстандын паспорттору табылганын билдирди. Украинанын атайын кызматынын расмий сайтына ал документтердин сүрөтү чыгарылды:

*Биринчисинде паспорт 1983-жылы туулган Ломако Алексейге (Комаричев) 2015-жылдын 29-октябрында берилгени көрсөтүлгөн.

*Экинчисинде 1990-жылы туулган Кирик Русланга (Дзортов) 2016-жылдын 17-ноябрында берилгени көрсөтүлгөн.

Сурак учурунда тартылган видеодо шектүү Тимур Дзортов ал паспорттордун чоо-жайына кыскача токтолду:

«Документтер бизге Москвада, Тадж-Махал ресторанында берилген. Документ Кыргызстандын жараныныкы, паспорттогу сүрөт меники. Бирок мен Кыргызстандын эмес, Орусиянын жаранымын. Документтер калкалануу үчүн колдонулган», — деди ал.

Биз Кыргызстандын Украинадагы элчилигине телефон чалдык. Консул Азамат Кабаев паспорттор Кыргызстандан берилген эмес деп жатат:

«Биз адамдын персоналдык номери жана ошол паспорттун сериялык номери менен автоматташтырылган система аркылуу текшергенде бизде андай паспорттор берилбегендиги аныкталган. Бул кыргыз паспорттору эмес, жасалма деп эсептелет. Биз бул тууралуу украин тарапка маалымат бергенбиз», — деди консул.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби