23:11
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Кийинки жылы кыргызстандыктар биометрикалык жалпы жарандык паспорт ала башташат

2021-жылдын 1-январынан тарта кыргызстандыктар биометрикалык жалпы жарандык паспорт ала башташат. Бул тууралуу журналисттерге Каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов билдирди.

Бирок ал паспорт тууралуу кеңири айтып берген жок. Алмаз Мамбетов паспорттун бланкаларын басууга жаңы тендер жарыяланабы же башка макулдашуулар жүргүзүлөбү деген суроону жоопсуз калтырды.

«Биз паспортторду өзүбүздөн басып чыгаруу жолуна баратабыз. Бул — коопсуздук маселеси жана мамлекеттин имиджи үчүн», — деди ал.

 

Эң көп окулган жаңылыктар