17:41
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

ID-карталардан катталган жерин онлайн текшерүүчү программа иштелип чыкты

«Инфоком» мамлекеттик ишканасынын адистери ID-карталардан жарандын катталган жерин онлайн текшерүүчү программа иштеп чыкты. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Алардын маалыматында, жарандын катталган жерин электрондук кызмат порталынан текшерип көрсө болот.

Белгилей кетсек, шаар жана райондордун кире беришине коюлган санитардын-эпидемиологиялык посттордо паспорттор текшерилип, айрым жерлерде аймактын туруктуу жашоочулары гана киргизилүүдө. ID-картада катталган жери ачык көрсөтүлбөгөн эмес. Аны атайын жабдуу менен гана окууга болот.

«ID-картанын номерин жана ПИНди киргизүү менен мобилдик телефон аркылуу эле интернетке кирип, паспорттогу катылган маалыматтарды толук окууга болот», — дейт ММК.

Эң көп окулган жаңылыктар