04:10
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Аида Касымалиева: Орусияда кыргыз паспорттору ачык эле сатылууда

Орусиянын шаарларында кыргыз паспорттору коңшу өлкөлөрдүн жарандарына ачык эле сатылып жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда вице-спикер Аида Касымалиева билдирди.

Анын айтымында, кыргыз паспорттору менен колго түшкөн чет элдик мигранттардын документтери жасалма эмес экени тастыкталууда.

«Паспорттордун көбү Сузак районунан алынган. ПИНди текшергенде дагы аныкталып жатат. Демек, бул документтер жасалма эмес. Булар мыйзамсыз жол менен алынган улуттук паспорттор», — деди Аида Касымалиева.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов учурда паспортту мыйзамдын негизинде гана алса боло тургандыгын ишенимдүү түрдө айтты.

«Азыркы тапта паспортту башка жол менен алууга мүмкүн эмес. Документ арыз ээсинин биометрикалык маалыматын алгандан кийин гана толтурулат», — деп жооп берди. Ал вице-спикерден далил көрсөтүүнү суранды.

Алмаз Мамбетовдун айтымында, башка өлкөлөрдүн жарандары эски документтердин негизинде жаңы паспортторду мыйзамсыз алышууда.

«1994-жылы улуттук паспорттордун жаңы үлгүсү киргизилген. Жалпы 3 миллион документ даярдалган. Ошол убакта ИИМдин паспорт столунан 100-200 миң документ жоголгон болчу. Ошол «жоголгондорду» кийин жаңы паспортко алмаштырышкан. Акыркы чуулгандуу окуялар ошого байланыштуу», — деди аткаминер.

Эң көп окулган жаңылыктар