17:41
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

УКМК Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери кармалганын ырастады

УКМК Мамлекеттик каттоо кызматынын үч жетекчиси кармалганын ырастады. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Ал Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) кызматкерлери тарабынан жаңы муундагы биометриялык паспортторго бланк даярдоо боюнча өткөрүлгөн тендерде мыйзам бузуулар аныкталгандыгын белгилейт.

«2018-жылдын 8-октябрында 1 млрд. 200 млн. сом өлчөмүндө биометриялык паспортторго бланк даярдоо боюнча тендер жарыяланган. Анда тендерде беш чет элдик компаниялар катышып, алардын бири эң арзан 686 млн. 772 миң. 250 сом сунуштаганына карабай МКК комиссиясынын чечими менен 940 млн. 150 миң. сом сарптоочу башка компания жеңүүчү болуп табылган.

Натыйжада катышуучулар сунуштаган каражаттын айырмасы 253 млн. 377 тыс. 750 сомду түздү. Тагыраак айтканда, жаңы үлгүдөгү бир паспорттун баасы 165 сомго арзаныраак болуп 420 сом турмак. Тендердик комиссия жеңүүчү деп тапкан компаниянын сунуштаган баа 585 сомду түзгөн», — дейт УКМК.

Белгилей кетсек, атайын бланктык продукцияны даярдоодо көп жылдык тажрыйбасы бар, дүйнөгө белгилүү компаниялар (продукциянын өздүк наркына түздөн-түз таасирин тийгизген, бланктык продукцияларды чыгаруучу жабдууларды өздөрү даярдашат) негизсиз себептер менен тендердик комиссия тарабынан сынактан четтетилген.

Бул факт боюнча КР Башкы прокуратурасы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 1-б. «Коррупция» боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КР УКМК Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлгөн.

Сотко чейинки өндүрүштүк иштердин алкагында тендерди жеңип чыккан чет өлкөлүк компаниянын Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) кызмат адамдарына тиешеси бар экендиги аныкталлды.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума