17:30
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

«Коопсуз шаар». Камера коюлган көчөлөрдүн тизмеси кеңейтилди

«Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи фазасы жарым-жартылай ишке кирди. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, 15-апрелден тарта республика боюнча 16 аппараттык комплекс иштеп баштабы, алардын ичинен эки камера Ибраимов жана Шабдан Баатыр көчөлөрүндө орнотулду, дагы 14 камера — Чүй облусундагы жолдордо иштеп жатат.

Бишкек — Ош 154,3 км;

Бишкек — Ош 160 км;
Бишкек — Чалдовар 61,6 км, Кара-Балта шаары;
Бишкек — Чалдовар 66 км, Алексеевка айылы;
Бишкек — Чалдовар 67,3, Вознесеновка айылы;
Бишкек — Чалдовар 74 км, Панфиловка айылы;
Бишкек — Чалдовар 78,2 км, Панфиловка айылы;
Бишкек — Торугарт 17,700 км, Киргшелк айылы;
Бишкек — Торугарт 18,800 км, Люксембург айылы;
Бишкек — Торугарт 20 км, Люксембург айылы;
Бишкек — Торугарт 25 км, Кант шаары;
Бишкек — Торугарт 31,7 км, Красная-речка айылы;
Бишкек — Торугарт 39,8 км, Ивановка айылы;
Бишкек — Торугарт 47 км, Дружба айылы.
Мындан тышкары, мамлекеттик органдардан тийиштүү сертификаттарды алган соң, Бишкектин бир катар көчөлөрүндө орнотулган камералар иштеп баштайт.

Бөкөнбаев — Манас
Чүй — Манас
Чүй — Павлов
Жибек Жолу — Манас
Махатма Ганди — Боталиев
Жибек Жолу — Курманджан Датка
Ахунбаев — Байтик Баатыр
Чүй — Абдрахманов
Байтик Баатыр — Горький
Эске салсак, «Коопсуз шаар» долбоору 2019-жылдын 12-февралдан тартып Бишкек шаарында иштей баштаган. Анын алкагында көчөлөрдүн кесилиштерине камералар орнотулууда. Долбоорду россиялык «Вега» концерни ишке ашырып жатат.

Келишимге ылайык, 12-майга чейин биринчи баскычта камтылган бардык 110 көзөмөл камера-комплекстери орнотулуп бүтмөкчү.

Эң көп окулган жаңылыктар