09:52
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Өкмөт жыл аягына чейин 12 өндүрүштүк ишкананы ишке киргизмекчи

2019-жылы Кыргызстанда 10-12 өндүрүштүк ишкана ачылат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн Жогорку Кеңеште отчет берип жатып билдирди.

Өкмөт башчынын айтымында, быйыл Чаткалдагы Куру-Тегерек кениндеги байытуучу фабрикасы, 400 адамды жумуш менен камсыздай турган Кайыңдыдагы метал иштетүүчү заводу жана Жалал-Абаддагы Макмал алтын кени ишин баштайт. Мындан сырткары, Жер-Үй алтын кенинин, Ош шаарындагы 7 миң адам иштей турган текстиль ишканасынын жана Бишкектеги «Silk Way» индустриалдык паркынын бир бөлүгү ишке кирет.

Дагы башка пайдаланууга бериле турган ишканалар тууралуу өкмөт башчы депутаттарга кат түрүндө толук маалымат бере турганын кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар