03:59
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Акылбек Жапаров социалдык тармакта элдин кайрылууларына көңүл бөлүүгө чакырды

Акылбек Жапаров социалдык тармакта элдин кайрылууларына көңүл бөлүүгө чакырды. Бул тууралуу бүгүн ал министтерлер кабинетиндеги жыйында билдирди.

Ал санариптештирүү заманында социалдык тармактар натыйжалуу байланыш куралы болуп калганын белгиледи.

«Бардык мамлекеттик органдар социалдык тармактарда аккаунттарга ээ болуп, жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп кайтарышы керек. Бул — аудитория менен баарлашуунун жана өз ара аракеттенүүнүн ыңгайлуу каналы, аны биз активдүү пайдалануубуз керек», — деди Акылбек Жапаров жана социалдык тармактарды жарандардын терс кайрылууларына жооп берүү үчүн гана эмес, мамлекеттик органдардын аткарып жаткан иштери боюнча коомчулукка отчеттуулугу үчүн да колдонсо болоорун кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар