15:55
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

«Дөө Чыңгыз» каймана аттуу кылмыштуу топтун мүчөсү Чыңгыз Жумагулов кармалды

«Дөө Чыңгыз» каймана аттуу кылмыштуу топтун мүчөсү Чыңгыз Жумагулов кармалды. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти.

Эскерте кетсек, Чыңгыз Жумагулов шериги менен бирге адам өлүмүнө шектелүүдө.

9-апрелге караган түнү Бишкекте катуу сабалып, эс-учун билбей калган эки кишини төрөт үйүнүн алдына таштап кетишкен. Бирөө ошондо эле каза болуп, комага түшкөн экинчиси кечээ жан берди. Булар ИИМдин тизмесинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган.

Кылмышка шектүү катары Чүйдүн эки тургуну кармалып, азыр абакта. Булар дагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат, мурда бир нече жолу соттолгондор. Шектүүлөрдүн үчүнчүсү — «Дөө Чыңгыз» атыккан 38 жаштагы Чыңгыз Жумагуловго кечээ издөө салынган эле.

Каза болгондор кримчөйрөдө «Сакал» атыккан Улан Токтосуновдун, ал эми аларды өлөрчө сабагандар Камчы Көлбаевдин балдары экени айтылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар