11:04
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бишкекте аял режиссерлор тарткан тасмалар көрсөтүлөт

Бишкекте аял режиссерлор тарткан тасмалар көрсөтүлөт. 

Анда режиссерлордун чыгармаларын коомчулукка таанытуу менен тартылган теманын актуалдуулугу талкууланат.

Көрүүчүлөргө Гүлнур Кожобаева жана Мээрим Догдурбекованын фильмдери сунушталат.

Бирөө 10 жашар бала менен аттын мамилеси, жашоосу тууралуу тартылган «Бакыт» тасмасы, экинчиси жергиликтүү тургундар жапайы жаныбарларды жана жаратылышты бүлгүнчүлөрдөн коргоп калуу үчүн бириккени тууралуу тартылган «Коргоочу» деген фильми.

Бул иш-чараны «Азиянын чыгармачыл айымдары» фонду «Сорос-Кыргызстан» фонду менен бирге уюштуруп жатат. Кирүү акысыз. 

Эң көп окулган жаңылыктар