Элчи Болот Отунбаев АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолугушту.
Трамп демократиялык балуулуктарды колдоодо Кыргызстандын аймактык лидерлик ролун белгилеп өттү. Ал Америка эки тараптуу байланышты бекемдөөгө даяр экенин айтты.
«Биз экономикалык өнүгүүнү камсыздоо үчүн байланыштарды жакшыртууга даярбыз. Биз чогуу коопсуз, демократиялуу, өнүккөн өлкөнү кура алабыз», — деди ал.
Кыргызстандын Россиядагы мурдакы элчиси Болот Отунбаев 16-январда АКШдагы дипломатиялык корпусту жетектөөгө дайындалган.