Бишкектин айрым райондорунда жаратылыш газын берүү убактылуу чектелет. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ЖЧКнын ЖМК жана коом менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, 10-12-апрелде оңдоо иштерине байланыштуу газ төмөнкү даректерде берилбейт:
- М.Ганди, Түлөбердиев, Кокчетавская, Манас, Васильев;
- Исанов, Фрунзе, Тоголок Молдо, Жибек Жолу.