15:00
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Өкмөт кыргыз-казак чек арасындагы маселени эртеңкиге чейин чечүүгө сөз берди

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал бүгүн-эртең чечилет деп ишенимдүү түрдө айтты. Бул тууралуу ал өкмөттүн отурумунда билдирди.

«Көпчүлүк кыргыз-казак чек арасындагы абал боюнча өкмөт унчукпай отурат дешүүдө. Мен коңшулардын өкмөт башчысы Аскар Мамин менен 3 жолу сүйлөштүм, айрым маселелер бар, ачыгын айтпай турган. Ага өтө кылдаттык менен мамиле кылуу керек. Учурда Кыргызстандын делегациясы Нур-Султанда жүрүшөт, кечээ Казакстандын премьер-министри менен сүйлөшүүлөр болду», -деди ал.

Мухаммедкалый Абылгазиев билдиргендей, Кыргызстандын укугу ЕАЭБде сакталышы керек.

Эң көп окулган жаңылыктар