12:00
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Кыргыз-өзбек чек арасынан цемент ташыган машинелер өткөрүлө баштады

Ош облусунда кыргыз-өзбек чек арасындагы «Достук» бекетинен бүгүн, 22-майдан тартып оор жүк ташуучу автоунаалар өткөрүлө баштады. Бул тууралуу жеринен «Азаттыктын» кабарчысы билдирди.

Анын айтымында, документтери туура жана так айдоочулар чек арадан өтүп жатышат.

Аталган бекетте он күндөн бери цемент ташыган 100дөн ашуун оор жүк ташуучу машине Өзбекстанга өтпөй, топтолуп калган. Ташкент мунун себебин түшүндүргөн эмес. Айдоочулар чектөө тууралуу маалымат ала албай жатышканын айтышкан.

Мамлекеттик чек ара кызматы Кыргызстан жүктү тоскоолдуксуз өткөрүп жатканын билдирген.

Айрым маалыматтарда Өзбекстан цементти ташууга чектөө киргизгени кабарланган. Мамлекеттик бажы кызматы Өзбекстандын чектөө коюп жатканы тууралуу маалымат жок экенин билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби