03:10
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Кыргыз-казак чек арасы. Чу дарыясынын агымын Казакстанга тарапка буруп алышты

Чу дарыясынын агымын Казакстанга тарапка буруп алышты. Бул тууралуу Facebook социалдык тармагында маалымат жарыяланды.

Анда жарыяланган сүрөттө дарыянын Кыргызстанга бара жаткан агымы таштар менен тосулган.

«Дарыянын агымы атайын өзгөртүү канчалык мыйзамдуу? Биздин өлкөдө ошончо суу көппү? Бизге суу керек эмеспи?» — деп суроо узатылат.

Суу чарбасы жана мелиорация департаментинин директору Көкүмбек Таштаналиев 24.kg агенттигине бул боюнча маалыматы жоктугун, барып, иликтеп көрөрүн билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар