20:09
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

«Коопсуз шаар». Бишкек менен Чүй облусунун аймагына 25 камера орнотулду

«Коопсуз шаар» боюнча 25 жайга камералар орнотулду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине «Вега» компаниясы билдирди.

«Камералар Бишкек-Торугарт жана Бишкек-Чалдовар унаа жолунун 14 аймагына, борбор калаанын 9 кесилишине орнотулду», -деп жазылат маалыматта.

Бишкекте камералар Бөкөнбаев көчөсү менен Манас кең көчөсүнүн кесилишинде, Чүй менен Манас, Чүй менен Павлов, Жибек Жолу менен Манас, М.Ганди менен Боталиев, Жибек Жолу менен Курманжан Датка, Ахунбаев менен Байтик Баатыр, Чүй менен Абдырахманов, Байтик Баатыр менен Горький көчөлөрүнүн кесилиштеринде орун алган.

Эң көп окулган жаңылыктар