12:31
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Чүйдө «Коопсуз шаар» долбоорунун операторуна айдоочу кол салды

Чүй облусуна караштуу Москва районунда «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу «Коопсуз шаар» долбоорунун операторуна кол салды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине «Вега Оперейтинг Компани» ЖЧКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя Мураке айылында болгон. Айдоочу себепсиз эле «Веганын» кызматкерине кол салган.

«Материал «Кичине бейбаштык» беренеси боюнча каттоого алынды. Бүгүн айдоочу оператордон кечирим сурады», -деп айтылат билдирүүдө.