15:46
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Коопсуз шаар. Жол эрежелерин бузуу боюнча 18 миң 600 учур катталды

12-февралдан 28-февралга чейин аппараттык-программалык комплекс жол эрежелерин бузуу боюнча 18 миң 600 учурду каттады. Бул тууралуу маалымат жыйында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Иман Саркулов билдирди.

Айтымында, бул эреже бузуулардын баардыгы байкоо борборунан өттү. Баардык маалыматтар топтолгону менен айдоочуларга азырынча «бакыт каты» жөнөтүлбөйт. Бул юридикалык коллизияга байланыштуу.

Буга чейин «Инфоком» жол эрежелерин бузуу боюнча айыппулду текшерүү үчүн жаңы онлайн-сервисти ишке киргизген. Текшерүү үчүн юридикалык жактын ПИНди же ИННди жана унаанын мамлекеттик номурун киргизүү керек.

portal.srs.kg де «Унаа» бөлүмүндө белгилүү бир жарандардын катталган унаалары тууралуу маалымат алса болот. Бул кызматтан 10 миң киши пайдаланган.

Эң көп окулган жаңылыктар