20:10
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Коопсуз шаар, чек ара, акча которуулар, ИДП. Биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы

Мамлекеттик органдар, министрликтер, кызматтар, агенттиктер үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгын чыгарып, коомчулукка отчет беришүүдө.

24.kg агенттиги быйылкы көрсөткүчтөрдү тизмектеди. 

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды

Миграция кызматы

Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматына ылайык, ушул жылдын 7 ай аралыгында Кыргызстанга 8 миң 757 чет элдик жаран иштөөгө уруксат алышкан. Өлкөгө келген жумушчулардын саны боюнча кытайлар алдыда турат— 6 миң 711 адам. Андан кийинки катарда 588 түрк жараны, 238 корея жараны, 186 пакистан жараны, 113 америка жараны, 104 индия жараны жана 104 өзбек жарандары.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын апрель айынан тарта уруксат берүү документтеринин баасы кымбаттаган. Уруксат берүү документтерден бюджетке 64 миллион 300 миң сом түшкөн.

Коопсуз шаар

Бишкекте фото жана видеобайкоо камералары орнотулган жерлерде жол кырсыктары 52 пайызга кыскарды. Бул тууралуу вице-премьер-министри Жеңиш Разаков «Коопсуз шаар» жана «Бузуулардын бирдиктүү реестри» (ББР) автоматташтырылган маалыматтык тутумунун ишине мониторинг жүргүзүп жатканда айтылды.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2019-жылдын 8 айында ББР тутумунда 267 миңден ашуун протокол катталып, 426 миллион сомдон ашык суммага айып салынган. 

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, бүгүнкү күнү «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында 400 миңден ашуун жол кыймылынын эрежелерин ар түрдүү бузуулар катталган. Алардын ичинен 178 миңдей бузууга 200 миллион сомдон ашуун төлөнгөн. Бишкекте фото жана видеобайкоо камералары орнотулган жерлерде жол кырсыктары 52 пайыз кыскарган.

Кыргыз-Россия Өнүктүрүү фонду каржылаган долбоорлор

2019-жылдын 7 айында Кыргыз-Россия Өнүктүрүү фонду 4,4 миллиард сомго долбоорлорду каржылады. Бул тууралуу аталган фонддун башкармалыгынын төрагасы Эркин Асрандиев билдирди. Айтымында, 2,7 миллиард сом аймактарга каржыланды. Бул 2018-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 2 эсе көбөйгөн.

«Аймактардын баарында жаңы баштаган ишкерлер үчүн старт-ап долбоорлорду каржылоо программасы башталды. Бул программа өзүнө окутууну дагы камтыйт, окутуу иш-чаралары облустарда бүгүнтөн башталды. Жалпысынан программа 2019-жылдын август-сентябрында ишке ашырылат», — деп айтты Эркин Асрандиев.

Ал каржылоо шарттарын жеңилдетүүнүн максатында кичи жана орто бизнестин субъектилерине пилоттук тартипте стартап-каржылоо боюнча программаларды киргизүү жана приоритеттүү багыттар боюнча сом менен берилүүчү насыялардын пайыздык чендерин 9 пайызга чейин төмөндөтүү чечими кабыл алынганын баса белгиледи. Анын айтымында, бул чара жалпысынан өлкөнүн ишкерлери үчүн насыялардын жеткиликтүүлүгүн жакшыртышы керек. 

Акча которуулар

Биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанга которулган акчанын көлөмү 1 миллиард 126,4 миллион долларга жетти. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 102,4 миллион долларга кыскарды.

Акча которуулардын саны боюнча алдыда Орусиядагы мекендештер турат. Алар 1 миллиард 104,6 миллион доллар которушкан. Кийинки катарда АКШ бар. 6 айдын жыйынтыгы менен Кыргызстандан чет өлкөгө которулган сумма 247,5 миллион долларды түздү. 

Өкмөткө болгон кайрылуулар

2019-жылдын 1-жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча өкмөттүн аппаратына 3 миң 88 кайрылуу келип түшкөн. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти. Кайрылуулардын 2 миң 454ү кат түрүндө келген.

Ошондой эле, премьер-министрдин коомдук кабылдамасына 53 жаран кайрылган.

Белгилей кетсек, жарандардын кайрылуулары республиканын бардык аймактарынан, ошондой эле КМШ өлкөлөрүнөн жана алыскы чет өлкөлөрдөн келип түшөт. Кайрылуулар, арыздар жана сунуштардын көп бөлүгү Бишкек шаарынын тургундарынан — 899 (36,63 %) жана Чүй облусунан — 438 (17,85 %) түшкөн.

Кайрылуу ээлеринин негизги контингенти — улгайган, пенсия курагындагы жана башка социалдык корголбогон категориядагы жарандар.

Документи жок наристелер

Кыргызстанда 1 миң 200 баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Каттоо кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бузуулар тууралуу кодексте «Баланын туулгандыгын каттоо мөөнөтүн бузуу» беренеси бар. Ага ылайык, айып пулдун көлөмү 1 миң сомду түзөт.

Өкмөт ушул жылдын 31-декабрына чейин калкты документтештирүү боюнча улуттук кампания өткөрмөкчү. Анын алкагында балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жөнөкөйлөтүлгөн тартипте, айып пулсуз берилет.

Чек ара кызматы

Жарым жылда мамлекеттик чек арадан 11 миллион 600 миң киши өткөн. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди. 

Маалыматка караганда, ушул жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик чек арадан 863 миң 638 унаа өткөн.

«Жарым жыл ичинде мамлекеттик чек араны бузган 86 киши кармалып, 2 миң 364 кишинин документтери жараксыз болуп чыккан. Муну менен катар 757 киши депортацияланган», -деп айтылат маалыматта.

Номиналдык акчалай кирешелер

Кыргызстандын калкынын номиналдык акчалай кирешелери ушул жылдын биринчи жарым жылдыгында 108 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, киреше өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 13,6 пайызга көбөйдү.

«Муну менен бирге калктын акчалай кирешелеринин негизги булагы үлүшүнө кирешелердин жалпы көлөмүнүн 70 пайыздан көбү туура келген эмгек ишмердигинин кирешелери болуп саналды. Калктын реалдуу акчалай кирешелери өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 14 пайызга көбөйдү», -деп айтылат маалыматта.

ИДП

Ушул жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстандын ИДПсы былтыркы жылга салыштырмалуу 6,9 пайызга өсүп, 284,4 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Маалыматка караганда, «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү, өткөн жылдын январь-июлунун деңгээлинен 3,1 пайызга өсүү менен 251,8 миллиард сом өлчөмүндө түзүлдү.

ИДПнын өсүшү негизинен өнөр жай, курулуш тармактары, айыл чарба жана кызмат көрсөтүү чөйрөлөрү тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге, товар өндүрүү тармактарынын өсүү темпи өткөн жылдын январь-июлуна салыштырмалуу — 113,0 пайызды, ал эми кызмат көрсөтүү тармактары — 102,3 пайызды түздү.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума