Кыргызстанда чакан гидроэлектростанцияларды куруу долбоору кандай өнүгүп жаткандыгы тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев «Биринчи радионун» түз эфиринде айтып берди.
Анын айтымында, 2026-жылы 17 объектти ишке киргизүү пландалууда. Алардын ичинен экөөсү учурда иштеп баштады. 2030-жылга чейин чакан ГЭСтердин жалпы кубаттуулугун 400 мегаваттка жеткирүү көздөлүүдө.
Энергетика министрлигинин башчысы белгилегендей, мисалы, Сокулукта эки чакан ГЭС районду электр энергиясы менен камсыз кылып, жумуш орундары түзүлдү. Бюджетке жылына 30 миллион сомго жакын салык которулуп турат.
Учурда республикада болжол менен 40-45 чакан ГЭС иштеп жатат. Ошондой эле Орто-Токой жана Папан суу сактагычтарына ГЭС куруу пландалууда.
«Долбоорлорго жеке инвесторлор жигердүү тартылууда, алар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Мисалы, мамлекет тарабынан электр энергиясын кепилденген сатып алуу каралган», — деди Таалайбек Ибраев.

