09:56
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Коопсуз шаар. Жол кырсыктарынан жабыркагандардын саны 44,4 пайызга кыскарды

«Коопсуз шаар» долбоору ишке киргизилген соң, жол кырсыктарынан жабыркагандардын саны өткөн жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу 44,4 пайызга кыскарды. Бул тууралуу Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев өкмөттүн кезектеги жыйынында айтты.

Анын маалыматы боюнча, жол кыймылынын эрежелерин бузуулардын саны 37,5 пайызга кыскарган, 38 миң 385 тийиштүү протокол толтурулган. 40 миң 586 бузуу катталып, алардын ичинен 15 миң 411 айыппул 15 күндүн ичинде 20 млн 202 миң сом суммасында төлөнгөн.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 20-апрелине чейин «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи баскычын ишке ашыруу башталат.

Эң көп окулган жаңылыктар