12:02
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Коопсуз шаар. Бишкекте жана Чүй облусунда 19 миң жол эрежесин бузуу катталды

«Коопсуз шаар» долбоорун киргизгенден тартып үстүбүздөгү жылдын 12-февралынан 3-мартка чейин Бишкек шаарында жана Чүй облусунда 19 миң жол эрежесин бузуу катталган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Ыманалы Саркулов билдирди.

Маалыматка ылайык, «Жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Бузуулар жөнүндө кодекске киргизилген өзгөртүүлөр 2019-жылдын 4-мартынан тартып күчүнө кирди. Ошондой эле айыппулду 15 күн ичинде төлөгөн айдоочуларга айыппулду 50% жеңилдик менен төлөө укугун берүү каралган.

Буга байланыштуу бузуулар тууралуу билдирмелер эреже бузгандыгы катталган айдоочуларга 4-марттан тартып жөнөтүлө баштайт.

Эң көп окулган жаңылыктар
24-апрель, шаршемби
23-апрель, шейшемби