Аксы районуна караштуу Тегирмен-Сай айылындагы Кара-Суу дарыясына түшүп кеткен 26 жаштагы жигитти издөө иштери бүгүн, 4-апрелде да улантылат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, дарыяга 1993-жылы туулган С. уулу К. аттуу жигит түшүп кеткен.
Аны издөөгө жалпы 11 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылган. Бирок жыйынтык чыкпай, саат 19:50дө издөө иштери убактылуу токтотулган болчу.