05:15
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Араван районундагы каналга 2 киши агып кетти

Кечээ Ош облусуна караштуу Араван районунун Кайрагач-Арык айылындагы Түштүк Фергана каналына 2 адам чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кырсык саат 13:50 чамасында болгон.

«Каналга 1 эркек жана 1 аял киши түшүп кеткен. Жеринде издөө ишин жүргүзүү үчүн ӨКМден жалпы 22 куткаруучу, ИИМден 20 кызматкер тартылган. Бирок табылган жок. Аларды издөө иштери бүгүн да улантылат», — деп билдиришти ӨКМдан.

Эң көп окулган жаңылыктар