07:26
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Ак-Буура дарыясына унаа кулап, 3 адамдын өмүрү кыйылды

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда Ош—Папан—Кожокелең унаа жолунун 30-чакырымында Ак-Буура дарыясына унаа кулап, 3 адамдын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, дарыяга улаган «Жигули» үлгүсүндөгү унаада 1976-жылы туулган С.М., 1978-жылы туулган Т.А. жана 2009-жылы туулган Ж.Ш. болгон.

«Кечээ унааны суудан чыгаруу үчүн ӨКМден 3 куткаруучу, 7 суучул, Папан айыл аймагынан 1 экскаватор, 1 кран тартылган. Каза болгондордун сөөгү табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди», -деп билдиришти ӨКМдан.


Эң көп окулган жаңылыктар