12:37
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

ӨКМ: Сууга агып кеткен алты жашар кыз бир жумадан бери изделүүдө

Нарын районунун Миң-Булак айылындагы Он-Арча суусуна түшүп кеткен С.Н. аттуу алты жашар кыз жети күндөн бери изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин 6 жашар кыз 17-майда балдар менен ойноп жатып, бут кийимин сууга түшүрүп алганы, аны алууга аракеттенип жатып, өзү сууга түшүп кеткени маалымдалган..

Бир жумадан бери издөө иштерине куткаруучу, суучул жана жергиликтүү тургундар тартылып, издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн, бирок табылган эмес.

24-май күнү издөө иштери улантылат.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби