10:44
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Ысык-Көлдүктөр уран кенин жабуу талабы менен митингге чыгышууда

Ысык-Көлдө жергиликтүү тургундар митингге чыгып, Кызыл-Омпол жергесинде казылып жаткан уран кенин жабуу талабын коюуда. Бул тууралуу депутат Алтынбек Жунус уулу Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Эми кочкорлуктар митингге чыкканы турат. Комиссия кен жаӊы технологиянын жардамы менен казылып жатыптыр, анын айлана-чөйрөгө зыяны жок деген тыянак чыгарыптыр. Ушу катип болсун, уран казылып жатса, анан кантип анын зыяны болбойт? Кандай гана болбосун, радиациянын фону жогорулабай койбойт да», -деди депутат.

«Балыкчы шаары уран кенинен 20-25 чакырым аралыкта турат. Ал жерде кандай катуу шамал болорун жакшы билесиздер, радиацияны дароо жеткирет. Уран казылып жатканын уккан чет өлкөлүк туристтер Ысык-Көлгө кайра кайтып келер-келбесин бир кудайдын өзү билет. Кайсы бир ишкананын утурумдук кызыкчылыгы үчүн экологиялык алааматка кабылбасак болгону. Өкмөт маанилүү маселеге көӊүл буруп, ал ишкананын эл аралык уюмдардан алган уруксаты бар-жок экенин текшерип, тийиштүү чараларды көрүшү керек», — деп кошумчалады ал.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби