10:41
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Нарындагы Солтон-Сарыдагы алтын кенин белгисиз топ басып алды

Эмгекчил айылында белгисиз топ Солтон-Сары алтын кенин басып алды. Бул тууралуу маалыматты Нарын облустук милициясы ырастаганын  «Азаттык» жазып чыкты. 

Окуя болгон жерге милиция кызматкерлеринен турган топ жөнөп кеткенин, толук маалымат 24-декабрда бериле турганын кабарлады.

Алтын кенин белгисиз адамдар басып алганын активист, укук коргоочу Качкынбек Булатов 22-декабрда "Фейсбуктагы" баракчасында жарыялаган. Ал "кечки саат 16.00 чамасында Солтон-Сары жайлоосундагы алтындын запасы бар Көл-Төр жана Чолок-Төр тилкесин Эмгекчил айылынын 20 тургуну басып алды" деп жазган.

Ошондой эле бул адамдар жабылган штольняны (кенге алып барган жолу, кенге жер үстүнөн кирген жантайма жол) ачып кирип, өз билгенин кылып жатканын, ушу тапта алар алтындын запасын казууга киришкенин маалымдаган.

Нарын районунда жайгашкан Солтон-Сары алтын кенин иштетүү укугу кыргыз-кытай биргелешкен «Zhong Ji Mining Company» ишканасына 20 жылга берилген.

Бирок аны иштетүүгө жергиликтүү эл нааразы болуп, былтыр чыккан чыр-чатактан улам аталган компаниянын иши токтотулган.

Эң көп окулган жаңылыктар