05:15
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

Кеңеш. Россия жарыялаган «миграциялык мунапысты» ким колдоно алат?

Россия Кыргызстандын жарандары үчүн 29-марттан 22-апрелге чейин «миграциялык мунапыс» жарыялады.

24.kg агенттиги ким бул мунапысты колдоно алары боюнча жолдомо сунуштайт.

1

Мунапысты кимдер колдоно алат?

Мунапысты Кыргызстандын жарандары гана колдоно алышат. «Кара тизмеге» кирип, Россиядан чыгарылган жана учурда Россияда мыйзамсыз жүргөн мигранттар мунапыс болушат.

Россия федерациясы мунапыс кылууга даяр мигранттардын тизмесин жарыялады.

2

Тизме менен кайсы жерден таанышса болот?

Тизме Кыргызстандын Миграция кызматынын сайтында (ssm.gov.kg) жарыяланды. Аты-жөнүңүздү жазып, өзүңүздү издеп көрүңүз.

Андан тышкары, элчиликтен жана Миграция кызматынын Россиянын аймактарындагы өкүлчүлүктөрүнөн тизмеден тактап берүүнү өтүнсө болот

3

Мунапыстын тизмесине кимдер кирди?

Мунапыска «кара тизмедеги» 992 кыргыз жараны кирди. Алар көбүнчө Россияга кирүүгө тыюу салынган мөөнөтү аяктап бара жаткандар.

Андан тышкары, 113 миң Россияда мыйзамсыз жүргөн мигранттар дагы мунапыска кошулду. Алар негизинен Россия жүрүүгө уруксат кагаздарынын мөөнөтү узартылбай, же кандайдыр бир административдик бузууларга баргандар.

4

«Кара тизмеден» чыгарылгандар качан Россияга кире алышат?

«Кара тизмеден» чыгарылган 992 кыргыз жараны май айынан тарта Россияга мыйзамдуу түрдө кире алышат.

5

Мунапысты колдонуу үчүн кайсы жакка кайрылуу керек?

Мунапысты колдонуу үчүн алгач өзүңүздү тизмеден тактаңыз. Андан кийин Россиянын Ички иштер министрлигинин Миграция боюнча башкы башкармалыгынын райондук бөлүмдөрүнө барып, паспортту көрсөтүп, жаңы миграциялык картаны алыңыз. 30 күн ичинде миграциялык каттоого турууну унутпаңыз.

Эң көп окулган жаңылыктар