05:15
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

ӨКМ кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга 200 миң доллар коротот

ӨКМ кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга 200 миң доллар коротот. Бул тууралуу Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча парламенттик комитеттин жыйынында статс-катчы Азамат Мамбетов билдирди.

Анын айтымында, Бүткүл дүйнөлүк банктан алынган каражат өлкөнүн гидрометеорологиясын өнүктүрүүгө жумшалат. Анын 200 миң доллары кызматкерлерди окутууга, 150 миң доллары китептерди иштеп чыгууга, дагы 200 миң доллары техникалык-экономикалык негиздерди түзүүгө коротулат.

«Биз кызматкерлерди жаңы технология боюнча окутабыз. Ошондой эле, дистанттык окуу үчүн электрондук китептерди иштеп чыгарабыз», -деди Азамат Мамбетов.

ӨКМнын маалыматы боюнча, Кыргызстанда болгону 157 гидрометеорологиялык пункт бар.

Бүткүл дүйнөлүк банк алты жылга узартуу менен 32 жылга 5 миллион доллар бөлүп берет. Анын жарымы грант түрүндө берилмекчи.

Эң көп окулган жаңылыктар