03:41
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Текебаев менен Жапаровду колдоо митингине мигранттар дагы катышат

Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровго боштондук талап кылган митинге мигранттар дагы катышат. Бул туурасында «Мекенчил» партиясынын теңтөрагасы Мелис Аспеков билдирди.

Анын айтымында, Орусияда иштеген мигранттар митинге катышат.

«Жакын арада Бабанов учуп келем деп жатат, Атамбаев болсо оппозицияга кирди. Ага жаңы душмандын эмне кереги бар? Көптөгөн саясий камактагыларды быйыл абактан бошотту, бирок электораты көп, күчтүү инсандарды бошотпой жатат. Бийлик алардан коркуп жатат», — дейт Мелис Аспеков.

Аталган митинг 23-апрелде башталат.

Эң көп окулган жаңылыктар