USD87.45EUR98.04RUB1.04
24.kg

Түркмөнстанда окуучулар президенттин китептерин сатып алууга милдеттендирилди

16:26, 29 марта 2019, Бишкек - 24.kg

Ашхабадда окуучулардан президент Гурбангулы Бердымухамедовдун китептерин сатып алып, мектеп текчелерине өткөрүп берүүнү талап кылышууда. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы билдирди.

Маалыматтарга караганда, 1-майдан тарта борбор калаанын орто мектептеринде президенттин бардык китептеринин туруктуу көргөзмөсү ачылат. Китептерди болсо окуучулар сатып алат.

Президенттин ар бир китеби орто эсеп менен 400 манат (Түркмөнстан Борбордук банкынын курсу 3,5 манат — $1) турат.

400 манат — өлкөдөгү орточо айлык акынын жарымынан көбүрөөк бөлүгүн түзөт. Мектеп жетекчилеринин айтымында, окуучулар китептерди 1-майга чейин сатып алышы керек.

Гурбангулы Бердымухамедов Түркмөнстанды 2006-жылдан бери башкарып келе жатат. 12 жыл аралыгында ал 54 китеп жазган.

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика