«Комсомольская правда» гезитинин журналисти Дмитрий Смирнов Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга келишине карата журналисттерге түзүлгөн шартты сындады. Ал билдирүүсүн Телеграм каналына жайгаштырган.
Анын айтымында, Кыргызстандагы «Ала-Арча» резиденциясында журналисттер үчүн шарт дээрлик жокко эсе.
«Ал жактын шарты начар, интернеттин иштөө ылдамдыгы жай, журналисттерди тамактандыра турган жердин шарты жок», -деп жазган ал.
Эске салсак, эртең Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келиши күтүлүүдө.