08:53
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Былтыр Орусия менен тышкы соода жүгүртүү 1,6 миллиард долларды түзгөн

Былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча жалпы тышкы соода жүгүртүүбүз 6,7 миллиард АКШ долларын түзүп, 6,6 пайызга көбөйгөн. Бул тууралуу өкмөттүн кезектеги жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Айтымында, Орусия менен тышкы соода жүгүртүү 1,6 миллиардга чыгып, өткөн жылга салыштырмалуу 56 миллион долларга өскөн.

«Россиядан келген чет элдик түз инвестициялардын көлөмү 123 миллион долларды түзүп, 25 пайыз өсүш катталды. Албетте, биздин мамилелерибиздеги эң чоң потенциалдын бар экендигин эске алсак, бул көрсөткүчтөр аздык кылат. Бүгүнкү күнү республикада дээрлик 700гө жакын биргелешкен орус-кыргыз ишканалары иштейт», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Эң көп окулган жаңылыктар