15:44
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кыргыз-Россия Өнүктүрүү фонду 4,4 миллиард сомго долбоорлорду каржылады

2019-жылдын 7 айында Кыргыз-Россия Өнүктүрүү фонду 4,4 миллиард сомго долбоорлорду каржылады. Бул тууралуу аталган фонддун башкармалыгынын төрагасы Эркин Асрандиев билдирди.

Айтымында, 2,7 миллиард сом аймактарга каржыланды. Бул 2018-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 2 эсе көбөйгөн.

«Аймактардын баарында жаңы баштаган ишкерлер үчүн старт-ап долбоорлорду каржылоо программасы башталды. Бул программа өзүнө окутууну дагы камтыйт, окутуу иш-чаралары облустарда бүгүнтөн башталды. Жалпысынан программа 2019-жылдын август-сентябрында ишке ашырылат», — деп айтты Эркин Асрандиев.

Ал каржылоо шарттарын жеңилдетүүнүн максатында кичи жана орто бизнестин субъектилерине пилоттук тартипте стартап-каржылоо боюнча программаларды киргизүү жана приоритеттүү багыттар боюнча сом менен берилүүчү насыялардын пайыздык чендерин 9 пайызга чейин төмөндөтүү чечими кабыл алынганын баса белгиледи. Анын айтымында, бул чара жалпысынан өлкөнүн ишкерлери үчүн насыялардын жеткиликтүүлүгүн жакшыртышы керек.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби