17:01
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Касым-Жомарт Токаев президенттик кызматка киришти

Казакстандын сенат башчысы Касым-Жомарт Токаев президенттик кызматка киришти. Анын ант берүү аземи мажислистин имаратында өттү.

Касым-Жомарт Токаев 66 жашта. Ал «Нур Отан» партиясынын мүчөсү. 2020-жылдагы шайлоого чейин өлкөнү башкарып турат. Шайлоонун датасы боюнча Казакстан так пикир жок. Ал апрель, же декабрь айында өтөрү айтылат.

Белгилей кетсек, Касым-Жомарт Токаевдин атасы Кемелдин балалыгы Кыргызстанда өткөн. Казакстандагы жутчулук жылдары казак башчысынын чоң атасы үй-бүлөсү менен Фрунзеге келип, байдын үйүнөн жумуш тапкан. Кийин Кемел Токаев агасы менен бирге Фрунзедеги интернатта тарбияланган.

Бүгүн Казакстандын борбордук шайлоо комиссиясы шашылыш түрдө Токаевдин депутаттык ыйгарым укуктарын кыскартуу боюнча сунушун киргизди. Ал спикерлик ыйгарым укуктарын да токтотот.

Мурдакы президент Нурсултан Назарбаев Казакстандын коопсуздук кеңешин өмүр бою башкарат жана «Нурсултан борборунда» иштейт.

Эң көп окулган жаңылыктар