Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыкты. Бул тууралуу Казакстандын президентинин расмий сайтында айтылат.
Казакстандын президенти эс алуу күндөрүн Казакстанда өткөрөт. Маалыматтарга ылайык, эмгек өргүү 22-июлда башталып 4 күнгө созулат.
Касым-Жоомарт Токаев 12-июнда президенттик ыйгарымына киришкен. Ал эми өлкөнү ал 20-марттан берип башкарып келүүдө.
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков шайлангандан кийин жети айдан кийин эс алууга кеткен.