Казак президенти Касым-Жомарт Токоев Кыргызстанга расмий иш сапар менен келет. Бул тууралуу тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун казак кесиптеши Бейбут Атамкулов менен жолугушуусу учурунда айтылды.
Касым-Жомарт Токоев июнь айында Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине да катышат.
Белгилей кетсек, Казакстанда президенттик шайлоо 9-июнга белгиленген.