03:59
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Былтыркы жылдын эсеби боюнча өлкөнүн карызы 4 миллиард 4 миллион долларды түздү

Былтыр өлкөнүн карызы 4 миллиард 4 миллион долларды түздү. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Каржы министри Бактыгүл Жээнбаева билдирди.

Анын айтымында, 85,7 пайызы тышкы, 14,3 пайызы ички карыз болуп саналат.

«Былтыр мамлекеттик карыздарды тейлөөгө 23 миллиард 7 миллион сом жумшалды. Аталган каражаттын 7 миллиард 1 миллиону алынган насыялардын үстөк пайызын жабууга, ал эми 16 миллиард 7 миллион сом негизги карыздарды жабууга коротулду», -деди министр.

Былтыр мамлекеттик инвестициялар программасы боюнча түшкөн каражат 19,6 пайызды түзүп, план 75,8 пайызга гана аткарылды.

Эң көп окулган жаңылыктар