22:56
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Якутиядагы кыргыздар каршы рейддер боюнча расмий маалымат жок

Якутиядагы кыргыздар каршы рейддер боюнча расмий маалымат жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.

Алардын маалыматында, элчиликтин, миграциялык кызматтын өкүлдөрү бүгүн Якутияга барып, кырдаал менен жеринен таанышмакчы.

«Азырынча бизде расмий маалымат жок. Диаспоранын маалыматында, мигранттарга эскертүү берилди. Ал эми зордуктоого кыргыз жараны катышкандыгы боюнча дагы тактоо жүрүп жатат», — дейт элчилик.

Кечээ Якутияда мигранттарга каршы митинг өттү. Ага уурдалып, кийин зордукталган аял тууралуу маалымат себеп болду. Митингге 200 дөй адам катышып, алар зордуктоого катышкан мигранттарды жазалоону талап кылышкан.

Айрым маалыматтарга караганда зордуктоого кыргыз жараны да катышкан. Социалдык тармакта шаурма саткан кыргыз жигиттерге болгон коркутуу жана кыргызстандыктарга каршы үч күндөн бери жүрүп жаткан рейддер боюнча жазылууда. 

Эң көп окулган жаңылыктар