09:28
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Бүгүнтөн тарта Жалал-Абад шаарына жылуулук берүү токтотулду

Бүгүнтөн тарта Жалал-Абад шаарына жылуулук берүү токтотулду. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Тийиштүү буйрукка калаа башчысы Мураталы Тагаев кол койгон.

Турак үйлөргө жана башка объекттерге жылуулук берүү температуранын жогорулашына байланыштуу токтотулду. Тартип боюнча, аба-ырайы 5 күн катары менен +8 градустан жогору болгондо жылуулук берүүнү токтотуу каралган.

Эске салсак, 17-мартта мэриянын буйругуна ылайык Ош ЖЭБи жылуулук берүүну токтотту. Эртең Бишкекте жылуулук берүү токтотулат.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума