Кыргызстандын элчилигинде иштеген кызматкерлер барган өлкөсүнүн тилин билишпейт. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков элчилер менен болгон жолугушууда айтты.
Анын билдиргени боюнча, чет өлкөгө барганда котормодо кыйынчылыктар жаралган.
«Айрым элчиликтерде мамлекеттик тилге которуп бере турган котормочулар жок. Бельгияга барганда ушундай кырдаалга туш болгонбуз. Түркиядан болсо университеттин мугалимин чакыртып котортконбуз. Кайсы өлкөгө барбасын ошол жердин тилин билбеген кызматкерлердин бизге эмне кереги бар? Элчиликтерде элчиден баштап айдоочуларга чейин тил билиши керек», -деди өлкө башчы.