21-марттан тарта казакстандык Qazaq Air авиакомпаниясы Бишкек-Алматы аба каттамын ишке ашырат. Бул тууралуу Казакстандын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Алматы каттамы жумасына эки жолу аткарылат.
«Билет баасы бир тарапка 2940 сомдон башталып, учуу убактысы 30 мүнөткө созулат. Ошондой эле апрель айынан тарта Ош-Алматы аба каттамы ишке киргизилет», — деп жазылат маалыматта.