03:16
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Караколдо улгайган аялдын сөөгү өз батиринде табылды

Караколдо улгайган аялдын сөөгү өз батиринде табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сөөк батирде бир жумадан ашуун жатып калган.

«85 жаштагы аял жалгыз жашачу, балдары жок. Кошуналары анын 10 күндөн ашуун көрүнбөй калганын айтып, ӨКМны жана милицияны чакырышкан. Учурда аялдын сөөгү моргдо. Анын денесинде зомбулуктун белгилери табылган жок», -деп билдиришти ОИИБдан.

Эң көп окулган жаңылыктар