04:34
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Түркиядагы элчилик кызматына Кубанычбек Өмүралиевдин талапкерлиги жактырылды

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кубанычбек Өмүралиевди Кыргызстандын Түркиядагы элчилигине дайындоого макулдугун берди.

Ал буга чейин Кыргызстандын Беларустагы элчиси кызматын аркалап келген.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Түркиядагы мурдагы элчиси Ибрагим Жунусов кызматтык мөөнөтү аяктагандан кийин 2018-жылдын 4-декабрында Кыргызстандын Өзбекстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчилигине дайындалган.

Эң көп окулган жаңылыктар